10:29
USD 87.45
EUR 94.92
RUB 1.03

Бишкекте жылуулук 17-мартта өчүрүлөт

Аба ырайын жана сырткы абанын температурасын эске алуу менен жылытуу мезгили 2025-жылдын 17-мартында аяктайт. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев күз-кыш мезгилин өткөрүү боюнча ыкчам штабдын отурумунда кол койду.

Жылытуу мезгилинде «бардык жылытуу системаларынын туруктуу иштешин камсыз кылууга мүмкүн болгон» деп белгиленет. Борбор калаадагы ЖЭБдин электр кубаттуулугу 450 мегаватт, запасы 100 мегаватт болуп, күйүүчү май 600 миллион сомдон ашык үнөмдөлгөн. Киловатт саатка көмүрдүн салыштырма чыгымдалышы 400 граммдан 200 граммга чейин кыскарды.

Бүгүнкү күндө ЖЭБ-2нин аймагында жаңы комбинациялуу цехти жана «Бишкексельмаш» отканасына жылытуу жабдууларын курууга киришти. Мындан тышкары, Бишкек Жылуулук электр борборунун кубаттуулугун жогорулатуу боюнча долбоор иштеп жатат.

«Бишкек жылуулук электр борбору», «Бишкек жылуулук тармагы» «Бишкекжылуулукэнерго» муниципалдык ишканаларына, Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан ведомстволук отканалардын жетекчилерине жылуулук-техникалык жабдууларын өчүрүү тапшырмасы берилди.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG