Аида Жапарбай кызы Бишкек шаарынын мэриясынын Шаар чарба департаментинин директору болуп дайындалды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү буйрукка борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев кол койду.
Белгиленгендей, дайындоо мэриянын кадрдык резервинен болгон. Буга чейин бул кызматты Эмил Жамалов аркалап келген.