Кытай АКШнын товарларына жооп иретинде соода төлөмүн киргизди. Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Белгиленгендей, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин чечими менен АКШдан келген көмүргө жана суюлтулган газга 15 пайыз, мунайзат жана айыл чарба техникасына 10 пайыз төлөм алынат.
АКШнын жаңы администрациясы буга чейин Кытайдан келген товарларга 10 пайыздык бажы алымдарын киргизгенин жарыялаган. Канада менен Мексикага каршы ушундай чаралар кийинкиге калтырылганы менен, алар Кытайга каршы күчүндө кала берген.
Кытай бийликтери жооп чаралары 10-февралдан тарта күчүнө кирерин билдирди.
Кошумчалай кетсек, Кытайдын Рынокту жөнгө салуу боюнча мамлекеттик администрациясы кытай бийликтери Google компаниясын монополияга каршы мыйзам бузуулар боюнча иликтөө жүргүзө турганын билдирди.