05:46
USD 87.45
EUR 91.44
RUB 0.96

«Азия оюндары-25»: Кыргызстандык хоккейчилер Кувейттин командасын жеңди

Кытайда өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы старт алды. Бул тууралуу Азия оюндарынын сайтында маалымдалды.

Алгачкы беттеште биздин курама Кувейтти 8:7 эсебинде утуп алган. Баары кошумча убакытта чечилди.

Голдорду Мамед Сейфулов (5), Максим Егоров, Адил Бекмуратов, Эрсултан Мирбеков киргизишти.

Белгилей кетсек, В тайпасынын дагы бир беттешинде Сингапур курамасы Бахрейнди 20:1 эсебинде утуп алган.

5-февралда 2-турда кыргызстандыктар Бахрейн курамасы менен беттешет.

Эске салсак, IX Кышкы Азия оюндары Кытайда 7-14-февраль аралыгында өтөт. Кыргызстандын курама командасы биатлон, тоо лыжасы, көркөм муз тебүү, хоккей жана керлинг боюнча мелдештерге катышат.

Эң көп окулган жаңылыктар