05:39
USD 87.45
EUR 91.63
RUB 0.97

Мамлекеттик тил комиссиясы «Кыргыз котормо» веб-кызматын иштеп чыкты

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия «Кыргызча- котормо» аттуу веб- котормо кызматын иштеп чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин жыйынында Улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев билдирди.

Анын айтымында, аталган кызмат дүйнөнүн он тилин кыргыз тилине которгон сыяктуу эле, кыргыз тили дагы бул тилдерге которулат.

«Көптөгөн адамдар Google Translate жана Yandex Translate котормо кызматтарын колдонууга көнүп калганын айтышып, эмне үчүн бул керек деп сурашты.» Бирок биздин кызматтын бир айырмасы бар. Аны бардык мамлекеттик органдардын сайттарына кошуп, тексттерди сайттан чыкпай эле которсо болот", — деди Мелис Мураталиев.

Эң көп окулган жаңылыктар
14-февраль, жума