Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу шаардын биринчи вице-мэри Мирлан Байгончоков шаардык кеңештин үч туруктуу комиссиясынын биргелешкен жыйынында билдирди.
Ага ылайык, Кадырбек Оторов «Бишкексууканал» ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды. Эске салсак, бул ишкананы буга чейин Чыңгыз Жумалиев жетектеп келген. Ал «Жаңы күч — Новая сила» партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болду. Ал кызматтан бошогондон кийин анын ордуна Достукбек Ободоев дайындалды.
Мындан тышкары Нурбек Касымбеков Бишкектин сөөк коюу кызматын көрсөтүү агенттигинин директору болуп дайындалды. Буга чейин ишкананы Адилет Билимбек уулу жетектеп келген.