Бүгүн, 8-январда Бишкек шаарында карды тазалоого 71 атайын техника тартылды. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.
Борбор калаанын көчөлөрүндө 71 атайын техника — МАЗ, HOWO, тракторлор, алдыңкы жүктөгүчтөр жана универсалдуу техникалар иштеп жатат.
Маалым болгондой, кардан тазалоодо жаңы техникалар колдонулуп, тротуарлардагы жана трассалардын бордюрларындагы карды тазалагычтар иштеп жатат.
Эскерте кетсек, 3-декабрда Бишкек шаарынын вице-мэри муниципалитет 20 кар тазалоочу техника күтүп жатканын билдирген. Анын айтымында, учурда 28 техника бар.
Ал эми 21-декабрда шаарда калың кар жааганда мэр Айбек Жунушалиев Рамиз Алиевге, Октябрь районунун акими Жаныбек Орозалиевге, «Тазалык» ишканасынын директору Жолдош Чуштуковго жана Октябрь райондук участкасынын башчысына туура эмес көзөмөл жана ишти начар уюштургандыгы үчүн тартиптик жаза чараларын жарыялаган.