Бүгүн, 20-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык балаты салтанаттуу түрдө жандырылат. Майрамдык иш-чара саат 19.00дө башталат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Жаңы жылдык символдун бийиктиги 28 метрди түзөт. Майрам жандуу музыка менен коштолот. Мэрия шаар тургундарын жана конокторун бул иш-чаранын кубанычын тең бөлүшүп, жаңы жылдык маанайда эс алууга чакырат.
Шаардын башкы балатысынын чырактарын жандыруу салты жыл сайын жүздөгөн жарандардын башын бириктирип, Ош шаарында жаңы жылдык иш-чаралардын башталышын белгилейт.