Быйыл Кыргызстанда мектепке чейинки билим берүү программаларына тартылган балдардын саны 28,3 пайыздан 44,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева бүгүн журналисттер менен болгон жолугушууда билдирди.
Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, бир нөөмөт менен иштеген мектептерде жана бош имараттарда 302 кыска мөөнөттүү бала бакчалар ачылган. Китепканаларда балдарды өнүктүрүү борборлору түзүлдү. Мындан тышкары үй тибиндеги 257 бала бакча уюштурулган.
Натыйжада 2024-жылга карата алты жаштагы балдардын 98 пайызы мектепке чейинки билим берүү мекемелерине камтылган.
Маалым болгондой, жаңы бала бакчаларды курууга, бала бакчаларда кошумча тайпаларды ачууга жана уктоочу бөлмөлөрдү класстык бөлмөлөргө айландыруу үчүн 1,5 миллиард сом бөлүнгөн.
Мектепке чейинки билим берүү тармагын өнүктүрүү максатында пилоттук режимде ваучердик каржылоо механизмин киргизүү чечими кабыл алынып, бала бакчаларды ачуунун жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлүп, бала бакчаларды ачкан жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүлдү.