“Манас эл аралык аэропорту” ачык акционердик коому атын өзгөрттү. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.
Эми “Кыргызстандын аэропорттору” ААК деп аталат. Мындай чечим бүгүн кабыл алынды.
Эл аралык “Манас” аэропортунун аты калат. Ал Бишкек филиалына айланат.
Белгилей кетсек, борбордун аэропорту учурдагы ФРУнун ордуна жаңы код алышы мүмкүн. Буга чейин Кыргызстанга учкан бардык авиакомпаниялардан уруксат алынган. Кодду өзгөртүү өтүнүчү Эл аралык аба транспорту ассоциациясына (IATA) берилди.