09:50
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму уставдык капиталын 150 миллион сомго көбөйтөт

Мамлекеттик камсыздандыруу уюму уставдык капиталын 150 миллион сомго көбөйтөт. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

«Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААКнын акционерлеринин кезексиз жыйынында уставдык капиталын 150 миллион сомго көбөйтүү чечими кабыл алынганы такталды. Ошентип, ал 1 миллиард 144 миллион сомду түзөт.

Кыргыз фондулук биржасынын маалыматы боюнча ар биринин номиналдык наркы 100 сомдон болгон 1,5 миллион жөнөкөй аталыштагы акциялар чыгарылат. Баалуу кагаздар жабык жазылуу аркылуу жайгаштырылат жана алардын жалгыз ээси Каржы министрлиги болот.

Эң көп окулган жаңылыктар