19:34
USD 86.80
EUR 91.22
RUB 0.82

Апей, ушундай да кылса болот беле? Үй үчүн топ-10 пайдалуу гаджеттер

 

Көпчүлүк адамдар акылдуу үй — бул өтө кымбатка турган, көп адамдардын чөнтөгүнө чак келбеген ырахат деп эсептешет. Бирок бүгүнкү күндө андай болбой калды. Көптөгөн жөнөкөй жана жеткиликтүү гаджеттер бар, үй үчүн ар кандай түзмөктөрдүн түрү менен кылдат таанышып чыгып, ылайыктуусун тандап алуу керек. Акылдуу жардамчылардын кандай категориялары бар экендигин жана алардын жардамы менен жашооңузду кантип ыңгайлуу кыла алаарыңызды айтып берели.

Үй үчүн заманбап үй гаджеттерди жашоонун бардык өңүттөрүн камтыган беш чоң категорияга бөлүүгө болот.

1

Коопсуздук үчүн товарлар

Бул тизмеге айлана-чөйрөнү көзөмөлдөгөн, көйгөйлөрдү көрө алган жана штаттан тышкаркы кырдаалда ээсинин көңүлүн бурган сенсорлордун бардык түрлөрү кирет. Алсак, акылдуу камералар ар бир кыймыл тууралуу кабарлап турушат, ал эми кулпулар смартфон же үн буйруктары менен ачылат. Бул категориядагы түзмөктөрдү сатып алуу менен сиз дайыма үйүңүздөгү кырдаалдан кабардар боло аласыз жана күтүлбөгөн коркунуч жаралышы мүмкүн деп коркпойсуз.

2

Ыңгайлуу климатты түзүү үчүн гаджеттер

Ар кандай шаймандар жарыктын, температуранын жана нымдуулуктун деңгээлин көзөмөлдөй алат, ал тургай зарыл болгон учурда аны тууралап да коюшат. Алардын жардамы менен өзүңүздү жакшы сезүү үчүн үйдө ойдогудай шарттарды түзө аласыз.

3

Акылдуу тиричилик техникасы

Күнүмдүк жашообуздун бир бөлүгүнө айланган ар кандай чайнектер, микротолкундар, чаң соргучтар жана башка жардамчылар. Бүгүнкү күндө аларды аралыктан эле башкарууга болот, белгилүү бир убакытты жана иштөө режимин коё аласыз. Эгерде кааласаңыз, үйдөгү көйгөйлөргө мүмкүн болушунча азыраак убактыңыз кете тургандай тууралап коюңуз.

4

Өзүңүзгө кам көрүү үчүн керектүү түзмөктөр

Буга сулуулукту жана жаштыкты сактоого жардам берген ар кандай гаджеттер, уйкуну кандырган түзмөктөр, программага салынган массаж жасагычтар кирет.

5

Үй жаныбарлары үчүн гаджеттер

Автоматтык түрдө азык жана суу берип турган гаджеттер, акылдуу камералар жана башка түзмөктөр үй жаныбарыңыздын абалын жана жүрүм-турумун көзөмөлдөө үчүн кереги тиет. Бул гаджеттер менен жаныбарларды узак убакытка үйдө жалгыз калтырып кете аласыз.

Бул товарлардын бардыгы жашоону бир топ жеңилдетип, ыңгайлуу кылат, жеке ышкыга жана жакындарыңыз менен баарлашууга көбүрөөк убакыт калат. Алар менен батирди же үйдү жабдуу кымбат эмес жана кыйын да болбойт. Бул гаджеттердин көбүн маркетплейстерден оңой эле алдырта аласыз.

Эмесе, Ozon менен акылдуу товалардын тандалмасын сунуштайбыз.

  • Терможөндөгүч. Смартфон аркылуу үйдүн температурасын аралыктан көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, жылытууну жана кондиционерди автоматтык түрдө жөнгө салып, электр энергиясын үнөмдөйт. Мындай гаджеттердин ар кандай формалары бар. Бул казан жана жылытуучу пол үчүн программага салынган термостат, метеостанция же ал тургай бөлмөнүн температурасына жараша желдетип же жылыткан шаймандарга кубат берүүчү акылдуу розетка болушу мүмкүн.
  • Суунун агып кетүүсүнөн коргоо системасы. Ага адатта нымдуулуктун жогорулашына реакция жасаган датчик, электр менен жабдууну жана суу менен камсыздоону тез өчүрө турган кубаттуу кран кирет. Башка жакка эс алганы кеткенде, «үйүм кароосуз калды» деп санаага батпайсыз — мындай жабдуулар баарын көзөмөлдөп турушат.
  • Акылдуу лампочка. Аны белгилүү бир убакта жарык күйүп-өчүп тургандай кылып, ошондой эле керектүү жарыкты жана түстү тандап алып, тууралап койсоңуз болот. Бардык бөлмөлөргө ушундай лампочкаларды орнотуп, сизге ыңгайлуу болгондой маанайды түзүп, каалагандай жарыктандыра аласыз. Тиркеме же динамик аркылуу башкарылат, анын ичинде үн буйруктарына да реакция жасай алат.
  • Сырткы эшиктин кулпусу. Бөлмөгө кирүүгө максималдуу коопсуздукту жана көзөмөлдү камсыз кылган жогорку технологиялык чечим, анын жардамы менен үйдү анда жашагандардын муктаждыктарына ылайыкташтырууга болот. Манжа изин таануу функциясы бар, коноктор үчүн убактылуу коддорду берүүгө болот, ал код, эшик ачылган сайын кабарлап турат.

Өркүндөтүлгөн эшик коңгуроосу. Комплектациясына жараша кыймыл датчиктерин, видеокамераны жана микрофонду камтышы мүмкүн. Ээси менен wi-fi аркылуу «сүйлөшө» алат. Эгерде жергиликтүү жасалма интеллект менен жабдылган болсо, жүздөрдү таанып, эшиктерди же дарбазаларды ачууну автоматташтыра алат.
Акылдуу электр чайнек жана башка тиричилик шаймандары. Аларды белгилүү бир иштөө режимине жана башка параметрлерге коюп, аралыктан башкара берсе болот. Үн менен же тиркеме аркылуу иштейт.


Электркарниз. Сиздин каалооңузга жараша пардаларды ачып-жаап турат, күн нурунан ыңгайлуу коргоону камсыз кылат. Бул гаджетти үн менен же пульт аркылуу башкарса болот, ошондой эле ойгоноор замат өзүңүздү ыңгайлуу сезиш үчүн белгилүү бир графикти тууралап коё аласыз.
Акылдуу жаздык. Бул жаздык жакшы уктоого шарт түзгөндөн тышкары, организмдин абалын, жүрөктүн кагышын, дем алуусун жана башка параметрлерди көзөмөлдөө үчүн датчиктери бар көп функциялуу түзмөк. Баштын жана моюндун ыңгайлуу абалын камсыз кылып, ал тургай коңурукту азайтууга жардам берет.


Кадимки техниканы акылдуу техникага айландырган пульт. Бардык шаймандарды бирдиктүү акылдуу үй системасына ИК-пульту аркылуу башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген универсалдуу гаджет. 300гө чейин түзмөктү кошууга болот.
Жаныбарлар үчүн автоматтык азыктандыргыч. Бул программаланган гаджет менен карды ачкан мышыкка тамак берүү үчүн таң атпай туруунун кажети болбойт. Бир жакка кетсеңиз мышык өтө тоюп алат же тамак ичпей калат деп коркпой каласыз. Мындай түзмөк менен үй жаныбарынын ден соолугу үчүн санаага батпай, эс алууну же иш сапарын тынч пландаштыра бересиз.

Бул Ozon’дон табууга болот турган пайдалуу гаджеттердин айрымдары гана. Кызыктуу техниканын тизмеси таң калтырат. Ozon — КМШдагы эң ири маркетплейстердин бири, анда ар кандай табитке туура келчү 370 миллиондон ашык товардык позиция бар. Учурда маркетплейсте ири сатып түгөтүү акциялары өтүп жатат. Ошондуктан сизге жаккан гаджетти мүмкүн болушунча арзан баада сатып алууга үлгүрүп калыңыз.

Эң көп окулган жаңылыктар