17:50
USD 86.80
EUR 91.19
RUB 0.85

Жамиля Жаманбаева Нарын облусунун эли менен жолугушту. Эмнелер талкууланды?

КРнын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаева Нарын облусунун эли менен жолугушту. Бул тууралуу Акыйкатчылыктын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Акыйкатчы менен жолугушууга 200дөн ашуун эл менен кошо, облустагы мамлекеттик органдардын жетекчилери да катышты.

Нарын облусунун тургундары билим алууда, жер маселесинде, медицина жаатында укуктары бузулганын айтышты.

Нарын облусунун тургуну ата-энесинен калган жер үлүшүн башка бирөөлөр талашып жатканын айтып, Акыйкатчыдан жардам сурады.

«Ата-энемден мага калган жер үлүштү соттун чечими менен тартып алууга аракет кылып жатышат. Менин ата-энем каза болуп калган. Жакында эле бейтаныш адамдар пайда болуп, мураска калган жер үлүш аларга таандык экенин айтып, күмөндүү тил катты көрсөтүп жатышат. Соттор да эмнегедир алардын пайдасына, мыйзамсыз чечимдерди кабыл алууда», — деп ыйлады аял.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардан аялдын укугун коргоону талап кылды. Ошону менен катары эле, дагы бир аял пенсия алууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүп кайрылды.

Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жеринен аялга кеңеш берди. Мындан тышкары, мамлекеттик органдардын биринде кароолчу болуп иштеген адам эмгек укугу бузулуп жатканын айтып арызданган. Буга чейин почтальон болуп иштеген адам да эмгек укуктарынын бузулушуна арызданган.

Жаманбаева мамлекеттик органдардын жетекчилеринен калктын көйгөйлөрүн жеринен чечүүнү талап кылды.

Жолугушуудан кийин, Акыйкатчы күйөөсү бир нече жолу бычактап жиберген келинге барып, ал-акыбалын билди. Аял Акыйкатчыга учурда анын балдары жана өзү коопсуз жерде жашап жатканын айтты.

«Мага учурунда тиешелүү жардам көрсөтүлдү. Мындай коркунучтуу окуядан кийин, өзүмө келүүгө жеке кризисттик борбордун психологдору жардам беришүүдө. Башында бир гана мага эмес, менин бардык жакындарыма да абдан оор болду. Өзгөчө балдарыма кыйын болду. Алардан ар ким атасы жана мен тууралуу сурай беришти. Азыр бир аз жакшы. Акырындан өзүмө келип, кайрадан балдарым үчүн жашашым керек экенине ынандым. Учурда, сот жүрүп жатат», — деди аял.

Окуя соцтармактарга таркап кетери менен кайдыгер эмес жарандар аялга жардам колун сунушкан. Жеке кризистик борборлордун биринин жетекчиси үй-бүлөгө керектүү жардам көрсөтүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин 31-августта Нарында чуулгандуу окуя болгон. Мас абалында ашпозчу болуп иштеген аялынын жумушуна кирип келип, аны бычак менен сайып баштаган.

Шектүү милиция кызматкерлери тарабынан кармалган. Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык максатта, өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүүгө аракеттенүү-башка кишинин өмүрүн кыюга аркеттенүү беренелери менен кылмыш иши козголгон.

Андан соң, сот шектүүнү тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо чечимин чыгарган.

Аял Нарын шаарындагы соода борборлорунун бириндеги ашканада иштеген. Анын айтымында, күйөөсү Н.М. ага бир нече жолу кол көтөргөн. 2024-жылдын июль айында ызы-чуу салгандан кийин, ал үч баласы менен үйдөн чыгып кеткен. Кийинчерээк жолдошу анын жумушуна келип, денесинин бир нече жерине бычак менен сайып кеткен.

Акыйкатчы Нарын облусуна болгон иш сапарынын жыйынтыгында, мамлекеттик органдарга аялдардын жана балдардын укуктарын сактоону камсыздоого чакырган расмий кат жолдоду.

Эң көп окулган жаңылыктар