Бүгүн, 11-декабда Жогорку Кеңештин жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын сыпатталышы боюнча январдын ортосунда же аягында маалымат берерин билдирди.
Анын айтымында, чек араны сыпаттоо толугу менен аяктады. Бүгүн кыргыз тарап картографияны даярдоо үчүн Тажикстанга жөнөп кетти. Эртеңки күнү бул ишке өзү да кошулат.
«Анда мен отчет берем. Баары ачык болот. Мен ар бир айыл, ар бир жер тилкеси, көпүрө үчүн жооп берүүгө даярмын», — деди УКМКнын башчысы.