«Манас» эл аралык аэропорту" ААКтын атын өзгөртүү сунушталууда. Маалыматты 24.kg басылмасына акционердик коомдун басма сөз кызматы тастыктады.
Бул маселе боюнча акционерлердин чогулушу 19-декабрга белгиленген. Учурда эки вариант сунушталууда, ААК өзүнүн атын сактап калат же экинчисинде аны түп-тамырынан бери өзгөртөт.
Ведомство ошондой эле аэропорттун аталышы кала берерин белгиледи. Ал Бишкек филиалы болот.
Белгилей кетсек, «Манас» эл аралык аэропорту учурдагы FRU ордуна жаңы код алышы мүмкүн. Буга чейин Кыргызстанга учкан бардык авиакомпаниялардан уруксат алынган. Кодду өзгөртүү өтүнүчү Эл аралык аба транспорту ассоциациясына (IATA) жөнөтүлдү.