22:32
USD 87.00
EUR 90.43
RUB 0.88

Кыргызстанда өнөр жай өндүрүшү 4,2 пайызга өстү

2024-жылдын он айында Кыргызстанда 453 миллиард 542,6 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн. Мындай маалыматтар Улуттук статистика комитетинин материалдарында камтылган.

Маалыматка ылайык, физикалык көлөмдүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 105,3 пайызды, ал эми 2024-жылдын сентябрына карата 96,8 пайызды түзгөн. Октябрь айында 59 миллиард 491,4 миллион сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн.

КМШнын Статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2024-жылдын январь-сентябрь айларында КМШ өлкөлөрүндө өнөр жай өндүрүшү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу орточо 4,3 пайызга өскөн.

Өсүш төмөнкү жерлерде байкалган:

Азербайжан — 1,3 пайыз;

Армения — 12,6 пайыз;

Белоруссия — 6,4 пайыз;

Казакстан — 3,1 пайыз;

Кыргызстан — 4,2 пайыз;

Россия — 4,4 пайыз;

Тажикстан — 15,3 пайыз;

Өзбекстан — 7 пайыз.

Эң көп окулган жаңылыктар