09:53
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

38 миң кыргызстандык турак-жай алуу үчүн кезекте турат

Кыргызстандын Мамлекеттик ипотекалык компаниясы кыргызстандыктар үчүн 42 миң батир курат. Бул тууралуу президенттик аппараттын жетекчиси Каныбек Туманбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, декабрь айынын башында МИК программасынын катышуучулары турак жай ала башташат.

"Курулуп жаткан үйлөрдө баалар эки түргө бөлүнөт: үлүшчүлөр үчүн бир чарчы метрдин баасы 1,4 миң долларды, кезекте тургандар үчүн 700 долларды түзөт. Курулуп жаткан үйлөрдө батирлердин 30 пайызы үлүшчүлөргө өтөт. 38 миң кыргызстандык турак-жай алуу үчүн өз кезегин күтүп жатат",-деди Каныбек Туманбаев.

Эң көп окулган жаңылыктар