Темирбек Эркинов Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге министрлер кабинетинин башчысы кол койду.
Эске салсак, Темирбек Эркинов буга чейин Акылбек Жапаровдун жардамчысы болуп иштеп, Венгрия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жетекчиси болгон. 2023-жылдын май айында ал Бишкек шаарында кармалганы белгилүү болгон.
Эркинов коррупцияга шектелип кармалганы маалымдалган. Эки жумадан кийин ал бошотулган.