02:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны тактоо маселесин талкуулашты

Кыргызстан менен Өзбекстан чек араны тактоо маселесин талкуулашты. Баткен шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясындагы эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны өттү.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланып, чек аранын айрым тилкелеринде зарыл болгон жер-жерлерде изилдөө иштери жүргүзүлдү.

Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду.

Эң көп окулган жаңылыктар