07:58
USD 87.45
EUR 102.55
RUB 1.10

ИИМ жарандарды сим-карталарды сатып алууда каттоодон өткөрүүнү сунуштады. Себеби

Ички иштер министрлиги санариптик өнүктүрүү министрлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, сим-карталарды бир жума ичинде эмес, сатып алуу учурунда каттоодон өткөрүү боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында министрдин орун басары Нурбек Алиев билдирди.

Анын айтымында, телефондук шылуундар сим-карталарды сатып алгандан кийин бир жуманын ичинде каттоодон өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдонушат. Кылмыштар жаңы, катталбаган сим-карталар менен жасалат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда уюлдук операторлордун расмий сатуу пункттарынан сатылып алынган сим-карталар сатып алуу учурунда катталат.

Эң көп окулган жаңылыктар