14:41
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жергиликтүү шайлоолор. Айылдык кеңештерге 5 миң 391 депутат шайланат

17-ноябрда 231 айылдык кеңештин депутаттарын шайлоо өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Маалыматка ылайык, жалпы мандаттардын саны 5 миң 391 болсо, анын 30 пайызы — 2 миң 185и аялдар үчүн сакталган.

Борбордук шайлоо комиссиясы «Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР мыйзамына киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык айылдык кеңештердин депутаттыгына талапкерлер үчүн шайлоо күрөөсү жоюлганын эскертет.

«Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, жергиликтүү кеңештин депутаты болуп 21 жашка толгон, орто билими бар жергиликтүү жамааттын мүчөсү шайлана алат. Талапкерди саясий партиялар да, жаран өзү да өзүн-өзү көрсөтүү жолу менен көрсөтө алат. Шайлоо мажоритардык система боюнча өтөт, башкача айтканда, көпчүлүк добуш алган талапкерлер шайланды деп эсептелинет.

Эскерте кетсек, 17-ноябрда 33 шаарда да шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо өтөт.

6-сентябрда президенттин «Жергиликтүү кеңештерди таркатуу жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө» Жарлыгы чыкты. Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 17-ноябрга белгиленген.

Эң көп окулган жаңылыктар