15:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

«Кумтөр» мамлекеттик бюджетке 10,3 миллиард сомдон ашык каражат төлөдү

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2024-жылдын 9 айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча республикалык бюджетке салык жана башка төлөмдөр түрүндө 10 миллиард 37 миллион сом төлөдү.

Анын ичинен 6 миллиард 388 миллион сомдон ашык дүң кирешеге салыгы, минералдык-чийки зат базаны өнүктүрүү салыгы 317 миллион 647 миң сом, социалдык камсыздандыруу төгүмдөрү 1 миллиард 803 миллион сомдон ашса, башка салыктар жана төлөмдөрдүн өлчөмү 402 млн 74 миң сом болду.
Мындан тышкары, Ысык-Көл өнүктүрүү фондуна 500 млн 965 миң сом, Нарын облусунун «Теңир-Тоо» өнүктүрүү фондуна 300 млн 300 миң сом, Айлана-чөйрөнү коргоо агенттигине болгон экологиялык төлөмдөр 27 млн 612 миң сом, Кыргыз Республикасынын жер үстүндөгү суу ресурстарын пайдалануу үчүн 197 млн сом төлөндү.

Белгилей кетсек, Кумтөр кен жайында өндүрүш процесси бир мүнөткө да токтобой, ийгиликтүү иштөөдө. Ал эми «Кумтөр Голд Компани» социалдык жоопкерчиликтүү ишкана катары жарандардын социалдык жактан аялуу катмарларына, жергиликтүү жамааттардын социалдык, экономикалык, билим берүү, маданият, медицина тармагына байланышкан маанилүү долбоорлорун ишке ашырууда туруктуу негизде ар тараптан колдоо көрсөтүп келет.

 
Эң көп окулган жаңылыктар