16:12
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Ооганстандагы кыргыздарга медициналык жана ветеринардык жардам жеткирилди

Эмгек, социалдык коопсуздук жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу жетектеген гуманитардык миссия Бадахшан провинциясында (Ооганстан) этникалык кыргыздарга жана жергиликтүү тургундарга медициналык жана ветеринардык буюмдарды жеткирди. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, миссия президенттин тапшырмаларын аткаруу жана Кичи жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздарга колдоо көрсөтүү программасын ишке ашыруунун алкагында жөнөтүлгөн.

Министрдин орун басары Бадахшан облусунун губернатору Мавлави Мохаммад Аюб Халид менен этникалык кыргыздардын жашоо шартын, ошондой эле этникалык кыргыздардын социалдык-экономикалык жана инфраструктуралык көйгөйлөрүн чечүү боюнча Бадахшан облусунун бийлиги тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана алдыдагы пландарды талкуулады. 

Миссиянын алкагында дарыгерлер тобу (кардиологдор, стоматологдор, акушер-гинекологдор) 755 жаранга медициналык жардам көрсөтүштү, анын ичинде 195 аял жана 180 бала. Ошондой эле адистер жергиликтүү калкка жугуштуу жана ар кандай ооруларды өз убагында аныктоо жана ири жана майда малга ветеринардык дарыларды туура колдонуу боюнча үйрөтүштү.

Эң көп окулган жаңылыктар