18:14
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектин «Жал-23» кичи районунда уруксатсыз орнотулган гараждар алынды

Бишкектин “Жал-23” кичи районундагы гараждар алынып салынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, №18 үйдүн жанына тиешелүү уруксат документтери жок 15 темир гараж орнотулган. Аларды Жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жана Муниципалдык менчикти башкаруу департаменти алып салышты.

Мэрия белгилегендей, башкармалык муниципалдык жерлерди бошотуу жана мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча активдүү иш алып барууда.

Эң көп окулган жаңылыктар