20:50
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бул жерге урушканы келдиңби? Депутат менен министрлер кабинетинин өкүлү айттышты

Мыйзамсыз менчиктештирилген автобекеттерди мамлекетке кайтаруу боюнча президенттин жарлыгын аткаминерлер аткарган жок. Бул тууралуу депутаттар Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдиришти.

Өлкө башчынын жарлыгынын аткарылышы боюнча Транспорт министринин орун басары Алмаз Тургунбаев менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрүнүн маалыматын уккан эл өкүлдөрү документ начар аткарылган деген бүтүмгө келишти.

Депутат Бактыбек Сыдыков белгилегендей, жарлыкка ылайык, анын аткарылышын көзөмөлдөө мамлекет башчынын аппаратынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдеринин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнө жүктөлгөн. Эл өкүлү андан кийин президенттин жана министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги өкүлү Асан Гайыпов эмне үчүн баяндама жасабай жатканын сурады.

«Транспорт министрлигинин жана Ички иштер министрлиги баян жасайт. А биз көзөмөлдөйбүз», — деп жооп берди Асан Гайыпов.

«Адегенде маалымат беришиңиз керек болчу. Эмнеге бербейсиң? Кандай көзөмөл жүргүзүлүп жатат, эмнелер аткарылды, эмнелер аткарылбай жатат, кимдер аткарбай жатат?» — деди Бактыбек Сыдыков.

Асан Гайыпов президенттик аппараттын бөлүмү жарлыктын аткарылышын гана көзөмөлдөй турганын ырастады. Бул депутаттын ачуусун келтирип, аткаминерди талашып-тартпоого, документ менен таанышууга чакырды.

Дагы бир депутат Улугбек Ормонов да жарлыктын аткарылышы боюнча берилген маалыматта үч аймактагы автобекеттер кандай менчик формасында экени, кай жерде баш аламандык жүрүп жатканы, бекеттерди кимдер башка максатта пайдаланып жаткандыгы, 100 млн доллардан ашык акча каражаты менен иштегени тууралуу маалымат жок экенин белгиледи.

Жыйынтыгында эл депутаттары президенттин 2023-жылдын 23-майындагы жеке менчикке өткөрүп берүүнүн, ошондой эле мыйзамсыз менчиктештирилген станциялык курулуштарды мамлекеттин менчигине кайтаруунун алдын алуу, бөгөт коюу чаралары жөнүндө жарлыгынын аткарылышы жөнүндө отчетту кабыл алышкан жок (темир жол вокзалдарын, автовокзалдарды, автовокзалдарды жана кассаларды) жана кызмат адамдарына жакшыраак варианттарды даярдоону сунуш кылышты.

Эң көп окулган жаңылыктар