18:17
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Акциздик маркалардын жасалмасын жасагандарды түрмөгө отургузуу сунушталды

Экономика жана соода министрлиги салык маркаларын жасалмасын жасагандар үчүн айып пулду жана эркинен ажыратууну көбөйтүүнү сунуштады.Тиешелүү мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.

Учурдагы мыйзамдарга ылайык, жасалма акциздик маркаларды жасагандар үчүн айып 100 миң сомдон 200 миң сомго чейин көрсөтүлгөн. Бул жаза 500 же андан көп маркаларды жасалмалоо үчүн каралган.

Мыйзам долбоору кабыл алынса, 200 жана андан ашык акциздик маркалар ири өлчөмдөгү контрафакт болуп эсептелет. Бул үчүн айып пулду 300 миң сомдон 500 миң сомго чейин белгилөө сунушталууда.

Кылмыш-жаза кодексине өзгөчө ири өлчөмдө — 500 же андан көп акциздик маркаларды жасалмалоо үчүн жазалоону өзүнчө киргизүү сунушталууда. Мындай мыйзам бузуу үчүн алар 500 миң сомдон 700 миң сомго чейин айып пул төлөшөт же беш жылга чейин эркинен ажыратылат.

Эң көп окулган жаңылыктар
7-октябрь, дүйшөмбү