02:09
USD 89.02
EUR 94.77
RUB 0.95

Январдан тартып алкоголдук продукцияларга акциз салыгынын ставкалары жогорулады

Январдан тартып этил спиртине жана алкоголдук продукциялардын айрым түрлөрүнө акциз салыгынын ставкалары жогорулады. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Бул ЕАЭБ алкагында акциздердин ставкаларын айкалыштыруу максатында жасалган.

«Тактап айтканда, арак жана ликер-арак ичимдиктерине, күчтүү суусундуктарга акциз бир литр үчүн 70 сомдон 100 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы алкоголдук продукциялардын бул категориясына акциз 1 литр үчүн 120 сом, 2022-жылы 140 сомду, 2023-жылы 160 сомду түзөт», — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка ылайык, этил спиртине акциздин ставкасы 1 литр үчүн 100 сом өлчөмүндө белгиленген, мурда бул ставка 70 сомду түзгөн. Кийинки үч жылда акциз салыгы жыл сайын 20 сомго жогорулайт.

Коньяктарга акциз 1 литр үчүн 52 сомдон 70 сомго чейин жогорулатылган. 2021-жылы бул сумма литр үчүн 80 сомду, 2022-жылы 90 сомду, 2023-жылдан баштап 100 сомду түзөт. Ошондой эле аз алкоголдуу суусундуктарга акциз 1 литрге 200 сом өлчөмүндө белгиленген, ал эми буга чейин ставка 70 сомду түзгөн.

Эң көп окулган жаңылыктар
19-апрель, жума