11:17
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Көлбаевдин уюшкан тобунун адалдалган пансионаттын бир бөлүгү мамлекетке өттү

Ысык-Көлдө «Лагуна сити» пансионаты мамлекетке кайтарылганын УКМКнын басма сөз борбору билдирди. Белгиленгендей, пансионаттын баасы 5 миллион долларды түзөт.

Кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун ишмердүүлүгүн каржылоо фактылары боюнча мурда козголгон кылмыш ишинин алкагында «Лагуна сити» эс алуу борборунун курамында, анын ичинде коттедждер, сауна, кафелер, ресторандар, административдик имараттар ж.б. мамлекетке кайтарылды

Атайын кызматтар кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды жүргүзүүнү улантууда.

Эң көп окулган жаңылыктар