21:29
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Быйылкы «Алтын топ» сыйлыгынын ээси аталды

2023/24-сезондогу «Алтын топ» сыйлыгынын ээси аталды. Бул тууралуу дүйнөгө белгилүү спорттук басылма, испаниялык Marca гезити жар салды.

Маалыматка ылайык, олуттуу сыйлыктын ээси Бразилия курама командасынын жана «Реал Мадриддин» чабуулчусу 24 жаштагы Винисиус Жуниор алмакчы. Ал эми «Алтын топту» тапшыруу аземи 28-октябрда Парижде өтөт. Бул окуянын урматына Nike компаниясы ага атайын алтын бут кийимдерди даярдаганы белгиленген.

Белгилей кетсек, «Алтын топ» 1956-жылдан бери France Football тарабынан ыйгарылып келет. Өткөн жылы бул сыйлыкты тарыхта сегизинчи жолу аргентиналык Лионель Месси алган.

Эң көп окулган жаңылыктар