14:20
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бишкектеги Ozon буйрутмаларды берүү пунктунун ээси бизнес чоо-жайын айтып берди

Акыркы бир нече жылдан бери Кыргызстанда маркетплейстер жигердүү өнүгүп, көптөгөн сатып алуучулар үчүн кадыресе жашоосунун бир бөлүгүнө айланды. Онлайн-шоппинг дүкөндөрдү кыдырганга караганда алда канча ыңгайлуу: ар кандай товарларды издөөгө көп убакыт коротуунун кажети жок — бардык нерсени бир жерден таап, саналуу секундада буйрутма берип, өзүңүз үчүн ыңгайлуу учурда алып кетсеңиз болот. Буйрутмаларды берүү пункттары логистикалык инфраструктуранын бир бөлүгү болуп саналат. Алар колдонуучулар үчүн сервисти кыйла ыңгайлуу кылат. Бүгүн биз КМШ аймагындагы эң ири маркетплейстердин бири болгон Ozon’дун 3 пунктунан турган түйүндүн ээси Александр менен баарлаштык.

— Өзүңүз жөнүндө айтып берсеңиз. Сизди бул бизнеске эмнелер шыктандырды? Эмне себептен Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктун ачууну чечтиңиз?

— Буга чейин мен ири эл аралык компаниянын Москвадагы кеңсесинде иштеп, жүктөрдү бажыда тариздөө менен алектенип келгем. Кайсы бир убакта башка бирөөнүн бизнесин өнүктүрө бербей, алдыга умтулуп, өз бизнесимди ачкым келди. Эки жылдай бул кадамга даярданып, ар кандай варианттарды карап, баалап жүрдүм. Буга кошумча маркетплейстерде соода кылуу, вендинг автоматтарынын тармагын ишке киргизүү жана башка дагы көптөгөн долбоорлор кызыктырды. Мен бизнестин чоо-жайын изилдеп, рынокту талдап, эсептеп чыктым, бирок мунун баары өтө чоң тобокелдиктер менен байланышкандай боло берди.

Жакында эле Орусиядан Кыргызстанга кайтып келип, биздин өлкөгө Ozon келгенин билдим. Ошол учурда Ozon’ду таанытуу өнөктүгү жигердүү жүрүп жаткан, бирок Бишкекте буйрутмаларды берүү пункттары аз болчу. Мага ушул багыт кызыктуу көрүнүп, аны изилдей баштадым.

— Буйрутмаларды берүү пунктун ачууну чечкенде биринчи кезекте эмнелерден баштадыңыз?

— Адегенде мен оферта-келишимин кунт коюп окуп чыгып, бардык шарттарын түшүнүп алдым. Андан соң иштеп жаткан пункттарды кыдырып, тааныштарым менен сүйлөшүп, YouTube’дан бул бизнес тууралуу көптөгөн видеолорду көрүп чыктым. Мен ар кандай маркетплейстерди карап көрүп, бирок Ozon’го токтолууну чечтим. Себеби, биринчиден, анын шарттары мен үчүн эң пайдалуу болду. Экинчиден, компания Кыргызстанга жакында гана келгендиктен, азырынча Бишкекте буйрутмаларды берүү пункттары аз, демек атаандаштык да анчалык күчтүү эмес.

Шаардагы эң ыңгайлуу жерлердин баары дагы эле бош болгонун, мен ойдогудай локацияларды бейкапар тандай аларымды түшүндүм.

Башынан эле бир пунктту эмес, бир нече пункттан турган тармакты ачууну кааладым.

Шаарды, калк тууралуу маалыматтарды, эл көп жүргөн негизги жерлерди жакшылап карап чыгып, үч районго токтолдум. Мен Түштүк-2 районун, Орто-Сай базарын жана Жумушчулар шаарчасын тандап алдым. Андан ары бизнес-планды түзүп, ал өзүн болжол менен канча убакыттын ичинде актай турганын эсептеп чыгып, ишти баштадым. Азыр эми реалдуулук мен күткөндөн да сонун болду деп айта алам, ишим жүрүшүп, бизнесим өнүгүүдө.

— Пункттардын ачылышына кененирээк токтолосузбу? Бул процесс кандай өттү?

— Башында мен болгон назарымды бир пунктту ачууга бурдум. Менин биринчи пунктум шаардын борборунда — Түштүк-2 районундагы жаңы турак жай комплексинде орун алды. Бул жерде пункт үчүн жайды жакшы таптым: имарат ижарага берилүү үчүн даярдалып жаткан маалда эле анын ээси менен байланышып, келишим түзгөнгө үлгүргөндүктөн, менин пунктум бул комплексте ачылган биринчи бизнес болуп калды. Ошондуктан, менчик ээси мага колдоо көрсөтүп, ремонт иштерин толугу менен өз эсебинен жасап, бизнес баштоого кеткен чыгымдарымды кыйла кыскартты. Бул пункт 3 айдан бери иштеп келе жатат.

Экинчи пункт үчүн жайды алысыраак жерден издедим, бирок акыры Орто-Сай базарына жакын болгон, эл көп жүргөн жерден таба алдым. Мен үчүнчү пункт үчүн жер издеп жаткан маалда Буйрутмаларды берүү пунктун башка бизнестин аймагында ачуу мүмкүн болуп калды. Ошентип, Жумушчулар шаарчасын аралап өткөн чоң жолдо жайгашкан «Азия» супермаркетинин администрациясы менен сүйлөштүм. Башында бул жерде аянты 22 чарчы метр болгон жай гана ижарага берилип жаткан, ал эми Ozon’дун пунктун ачуу үчүн аянттын көлөмү 25 чарчы метрден кем болбошу керек. Бирок менин өтүнүчүмдү эске алып, жанаша жайгашкан банкоматтарды четке жылдырышып, 30 чарчы метр бөлүп беришти — бул жерде керектүү тосмолорду өзүм эле жасап алдым.

Экинчи жана үчүнчү пункттарды бир маалда ачтым, ушул нерсе бир аз түйшүктүү болду, себеби бардык ишти эки эсе көлөмдө жасаш керек болчу. Бирок ал маалда биринчи пункттан кийин бардык чоо-жайын билип калган элем. Мисалы, эмеректерди жасаган устада бардык чиймелер бар болчу, ал ошондон дагы 2 комплект жасады. Натыйжада баары ойдогудай ишке ашып, бир нече күн мурда эки пункт тең ишке кирди. Учурда мен пункттардын ишин жөнгө салуу менен алекмин.

— Жаңы бизнесиңизге үй-бүлөңүздүн жана досторуңуздун мамилеси кандай болду?

— Баары мени колдоп, бардык этаптарда мага көп жардам беришти. Досторумдун биринин таанышы эмерек менен алектенет. Ал мага арзандатып берди, дагы бир досум видео-байкоону орнотууга жардамдашты. Ал эми иним металл менен иштейт, экөөбүз текчелерди жасап чыктык. Ремонттон кийин пунктту иретке келтирүүгө сүйлөшкөн кызым жана үй-бүлөм жардам беришти. Жакындарым азыр да мага көмөктөшүүдө, мисалы, Ozon’дон товарларды алдыртканда дайыма менин пункттарымды тандашат.

— Ал эми Ozon сизге кандай жардам берди?

— Ozon буйрутмаларды берүү пункттарынын ээлери үчүн стандарттуу шарттарды түзүп берет жана иш жүзүндө анда көп нерселер камтылган. Компания пунктту таанытууга абдан жардам берет. Ozon көрнөктү, дубал кагаздарынан баштап, иш графиги жазылган такталарга чейин бардык бренд материалдарды акысыз берет. Жаңы пунктту өзүнүн картасына, ошондой эле Яндекс, Google жана 2ГИС карталарына кошуп чыгат, бардык колдонуучуларына алардын жанында жаңы пункт ачылганын маалымдайт.

Мындан тышкары, компаниянын финансылык колдоосу да абдан жардам берет, экинчи жана үчүнчү пункттарымды ачып жатып, ушул колдоого абдан таяндым.

— Пунктту жарнамалоого кененирээк токтолсоңуз. Кардарларды тартуу үчүн өзүңүз эмнелерди жасайсыз?

— Ооба, албетте, кардарлардын агымына кызыкдармын, себеби Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктунун ээсинин кирешеси — бул ошол пункттун жүгүртүүсүнөн түшкөн пайыздар. Мен социалдык тармактарда, негизинен жергиликтүү жамааттарда жарнама жасадым. Ошондой эле баракчаларды басып чыгарып, коңшу кварталдарга таратып чыктым. Мунун баары кардарлардын базасын түзүүгө жардам берди. Мындан ары да шаардын ичинде сырткы жарнамаларды илип чыгууну пландап жатам.

Мындан тышкары, биз кардарлар менен жигердүү иш алып барабыз. Мен кызматкерлеримди кардарлар менен баарлашуунун стандарттарына үйрөтүп жатам. Ар дайым сылык болуп, келген адамга жардам берсе, кардар да ыраазы болуп, ушул пунктка кайтып келе берет.

Ozon жана негизи эле маркетплейстер менен азырынча тааныш эмес адамдар келишет. Аларга биз бул сервис кантип иштээрин түшүндүрөбүз, тиркеменин ишин көрсөтүп, буйрутма берүүгө жардам беребиз.

Биз муну жасоого милдеттүү эмеспиз, бирок бул биздин кызыкчылыгыбызда жасалып жатпайбы.

— Учурда канча кызматкер иштеп жатат? Сиз аларды кантип тапканыңызды жана канча окутканыңызды айтып берсеңиз. Процессти жөнгө салуу канчалык кыйын болду?

— Башында өз алдынча баарын өздөштүрүү эң кыйыны болду. Адегенде бардык тапшырмаларды аткарып, буйрутмаларды берүү пунктунда өзүм иштедим. Бул бардык процесстерди баамдап, кантип иштеш керектигин түшүнүү үчүн керек болчу. Ozon окутууга көмөктөшөт, компания ар бир операцияны сүрөттөгөн көрсөтмөлүү жана толук материалдарды берет. Мунун баары ыңгайлуу, интерактивдүү түрдө жасалган.

Бир айдан кийин мен эки адамды таап, Ozon’дун материалдарынын жардамы менен аларды оңой эле окуттум. Азыр болсо мага жаңы пункттарга кызматкерлер керек болгондуктан, дагы үч адамды жалдадым, процесстин чоо-жайын түшүнүш үчүн аларга тажрыйбалуу кызматкер менен 1-2 күн иштөө жетиштүү болду. Азыр менин чакан командам бар, учурда алар менен натыйжалуу байланыш түзүп жатам. Кээде зарыл болуп калса, өзум да ишке чыгам.

— Келечекке пландарыңыз менен бөлүшсөңүз

— Учурда үч пункттагы бардык процесстерди жолго салуу менен алекмин. Андан ары маркетингди колго алам, себеби жарнама ар бир бизнесте чоң ролду ойнойт. Пункттар өзүн актай баштаганда дагы эки пунктту ачам, себеби башынан эле чоң түйүндү түзүүнү пландаштыргам. Андан соң кырдаалды талдап, жагдайга жараша чечим кабыл алам.

— Кыргызстанда Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктун ачкысы келгендерге кандай кеңеш бере аласыз?

— Кызматташтыктын бардык шарттарын түшүнүп алуу үчүн Ozon менен түзүлгөн келишимди кылдат окуп чыгыш керек. Бирок эң негизгиси, албетте, локацияны туура тандап алуу зарыл. Эгерде сиз жакшы ремонттолгон, ижара акысы кымбат эмес жерди тапсаңыз, бирок ал эл аз жашаган аймакта орун алса, анда ишиңиз жүрүшпөй калышы ыктымал. Андан көрө кымбатыраак төлөп, ремонтту өзүңүз жасасаңыз да, пунктту эл көп жүргөн жерден ачканыңыз туура болот.

Ozon’дун буйрутмаларды берүү пунктун ачуу оор деле эмес. Сайттан интерактивдүү карта менен таанышып чыгып, локацияны жана имаратты тандап алып, өтүнмө беришиңиз керек. Пунктту ачууга эки жума гана убакыт кетет, бул маалда жеңил ремонт жасап аласыз. Ozon өнөктөштөрүнө көрнөктү жана маркетинг материалдарын акысыз берет, жаңы пунктту картага киргизет жана пункт ачылганы тууралуу колдонуучуларын кабардар кылат. Мындан тышкары, маркетплейс кепилденген финансылык колдоо көрсөтөт. Бул колдоо ай сайын төлөнөт жана иштин алгачкы жарым жылында 412 000 сомго чейинки сумманы түзөт. Толук маалыматты Ozon’дун сайтынан сайтынан таба аласыз.

Эң көп окулган жаңылыктар