Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата Улуттук банк эки коллекциялык монетанын алдын ала дизайнын иштеп чыгуу үчүн сүрөтчүлөр-дизайнерлердин арасында ачык сынак жарыялады.
Көзөмөлдөөчү орган номиналы 10 сом болгон «Тушоо кесүү» күмүш монетасын жана 100 сомдук «Эгемендүү Кыргыз Республикасына — 35 жыл» алтын монетасын чыгарууну пландаштырууда.
Коллекциялык монеталардын долбоорлору көрсөтүлгөн теманы камтышы жана төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
Көрсөтүлгөн темага ылайык келүү;
Аткаруунун жогорку көркөмдүк деңгээли;
Маданий жана эстетикалык стандарттарды сактоо;
Чыгармачыл өзгөчөлүк