05:31
USD 86.50
EUR 91.18
RUB 0.86

ЖК депутаты Жалал-Абад облустук ооруканасынын ишин текшерүүнү суранды

Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова Жалал-Абад облустук ооруканасында ички аудит жүргүзүүнү суранды. Бул тууралуу эл өкүлү бүгүн, 26-сентябрда парламенттин жалпы жыйында билдирди.

Анын айтымында, бул ооруканага Базар-Коргон райондук эмканасынын төрөт бөлүмүнүн дарыгери жүрөк оорусу менен кайрылган. Мамлекеттик жана жеке менчик ооруканаларда иштеген хирург Эмилбек Байышев операцияны пландаштырып, жеке клиникада жасай турганын айтып, аял ошол жерден каза болгон.

Депутат маркумдун жакындары жана Базар-Коргон районунун тургундары бул ишти иликтөө өтүнүчү менен кайрылганын билдирди.

Эң көп окулган жаңылыктар