04:16
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Эркин Мамбеталиевдин 5,7 миллион долларлык мүлкү мамлекетке кайтарылды

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү  Эркин Мамбеталиевдин кылмыш жолу менен алынган мүлкү мамлекеттин балансына өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борборунан билдиришти.

Мамлекетке алынган мүлктүн арасында:

Ысык-Көл районундагы Өрнөк айылындагы «Эдельвейс» эс алуу борбору;

Бишкекте үч жана эки бөлмөлүү батирлер;

Lexus LX 570 жана Dodge RAM унаалары;

үч реактивдүү лыжа жана үч квадроцикл;

улуттук кийиз боз үй.

Өткөрүлгөн мүлктүн жалпы баасы 5 миллион 716 миң 307 долларды түзүп, 489 миллион 886 миң сомго барабар.

 Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн мыйзамсыз алынган мүлктөрдү аныктоо иштери уланууда.

Эң көп окулган жаңылыктар