USD87.45EUR98.13RUB1.03
24.kg

Чүй облусундагы лыжа базасы мамлекетке кайтарылды

12:44, 25 сентября 2024, Бишкек - 24.kg

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы буга чейин жеке адамдар тарабынан мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен Кызыл-Белес тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жалпы аянты 10 га болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен наркы 50 миллион сомдон ашык жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.

БАЙЛАНЫШТАР

СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАР

TelegramYouTubeWhatsAppFacebookInstagram

© АА «24.kg» - Кыргызстандын жаңылыктары. Бардык укуктар корголгон. Бул веб-сайтта жайгаштырылган бардык маалымат жеке пайдалануу үчүн гана арналган жана АА «24.kg» жазуу түрүндөгү уруксатысыз таратылышы мүмкүн эмес. Редакция кайра басылган материалдардын жана айрым адамдардын пикирлеринин мазмунуна жоопкерчилик тартпайт. +18

Индекс цитированияЯндекс.Метрика