07:55
USD 88.68
EUR 95.00
RUB 0.95

Бишкекке жакын жерде жаңы тоо лыжа базасы ачылды

Аламүдүн районундагы Кашка-Сууда «Кашкулак» тоо лыжа базасы ачылды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

«Кашкулак» тоо лыжа базасы 105 гектар жайыт жерди ижарага алган. Аймакта узундугу 950 метр болгон бир кабелдик линия бар, ал лыжа трассаларына чыгууну камсыз кылат.

«Эс алуучулардын карамагында эки лыжа трассасы бар: биринчиси батыш тарапта — 1,6 миң метр, экинчиси чыгыш тарапта — 1 миң 550 метр. Саатына 2 миң кишиге чейин тейлөө мүмкүнчүлүгү базанын жогорку өткөрүү жөндөмдүүлүгүн көрөсөтө алат. Түнкү жарык жана кар генераторлорунун жардамы менен күнү-түнү лыжа тебүү мумкүнчүлүгү да бар», — деп айтылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө Чүй облусунда 15 тоо лыжа базасы иштейт.

Эң көп окулган жаңылыктар