04:03
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Журналисттер үчүн «Мейкин» сынагына арыздарды кабыл алуу 1-октябрга чейин уланат

Мейкин сынагын уюштуруу комитети арыздар 1-октябрга чейин кабыл алынарын эскертет. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Анын айтымында, жеңүүчүлөрдү 11 адамдан турган комиссия, анын ичинде 9 көз карандысыз ЖМК өкүлдөрү аныктайт.

Эске сала кетсек, «Мейкин» сыйлыгы журналисттерди жана түрдүү тармактардагы чыгармачыл топторду колдоо максатында түзүлгөн. Байге фонду 10 миллион сомду түзүп, он номинациянын ар бирине 1 миллиондон берилет. Сынактын материалдары 2024-жылдын 1-январынан 1-октябрына чейин даярдалышы керек.

Сынакка материалдар 10 номинация боюнча кабыл алынат:

Бир эл — бир түндүк;

Керемет Кыргызстан;

Салык — өнүгүүгө салым;

Таза Мекен;

Билим — келечек;

Куттуу элет;

Мекен жана мен;

Мекендештер;

Кыргызстанда чыгарылган (Made in KG);

Сергек жашоо.

Жеңүүчүлөр 7-ноябрь Маалымат жана басма сөз күнүндө аныкталат.

Эң көп окулган жаңылыктар