13:26
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Бүгүн Төө-Ашууда кар жаап, жолдор тазаланды

Бүгүн, 18-сентябрда Бишкек — Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусуна кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, № 9 Жол эксплуатациялоо ишканасы тарабынан атайын техниканын жардамы менен жолду тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын чачуу иштери жүргүзүлдү.

Учурда күн ачылууда. Каттам үчүн тоскоолдук жок. Жеринде нөөмөт бар. Алар атайын техника менен камсыздалган.

Эң көп окулган жаңылыктар