07:15
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Орусиянын Омск шаарында Чыңгыз Айтматов көчөсү ачылат

Орусиянын Омск шаарында Кыргыз эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун урматына көчөлөрдүн бирине ысымы ыйгарылат. Бул тууралуу шаар мэри Сергей Шелест Кыргызстандын маданият күндөрүнүн ачылыш аземинде билдирди.

«140тан ашык улуттун өкүлдөрү ынтымакта жашап жаткан Омск шаарында Кыргызстандын маданият күндөрүнүн салтанаттуу ачылышы болду. А.С.Пушкин атындагы Омск мамлекеттик илимий китепканасынын имаратында өткөн бул иш-чара маданий алмашуулар улуттар аралык байланыштарды чыңдап, өз ара түшүнүшүүгө көмөктөшөөрүнүн айкын мисалы болуп калды», — деп айтылат билдирүүдө.

Шаар башчысынын айтымында, Омскиде 10 миңден ашуун кыргызстандык жашайт жана алар үчүн Кыргызстандын маданият күндөрү өздөрүнүн бай тарыхы жана маданияты менен жашоочулар менен бөлүшүү мүмкүнчүлүгүнө айланды.

Иш-чарада белгиленгендей, Омск шаарынын көчөлөрүнүн бирине көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу чечими кыргыз элине болгон сый-урматтын жана улуу сөз чеберинин дүйнөлүк маданиятка кошкон салымын таануунун символу болуп калды.

Эң көп окулган жаңылыктар