03:36
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Кыргызстандык UFC мушкери Антонина Шевченко эне болду

Кыргызстандык муай-тай жана аралаш мушташ түрлөрүнүн өкүлү Антонина Шевченко эне болду. Ал ымыркай менен түшкөн сүрөтүн Инстаграм баракчасына бөлүшкөн.

Антонина Шевченконун Instagram баракчасынан
Фото Антонина Шевченконун Instagram баракчасынан

«Эң, эң укмуш! Абдан татаал жана укмуштуудай сүйкүмдүү жыл! Мен эне болдум! 20 жылдан кийин Шевченко мушкерлеринин кийинки мууну UFCде жеңишке жетишет. Анан, албетте, менин үй-бүлөмдө учкучтардын экинчи мууну!» — деп жазган спортчу.

Антонина UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченконун бир тууган эжеси.

Валентина менен Антонина Шевченко UFC тарыхындагы биринчи бир тууган мушкерлер. Антонина Шевченко UFCде он беттеш өткөрүп, төрт жеңишке жетишкен.

Эң көп окулган жаңылыктар