23:10
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Түптө майып кызды зордуктоо аракетин жасаган зөөкүр 11 жылга кесилди

Түп районунун аймагында 2024-жылдын биринчи жарым жылында 2 өзгөчө оор кылмыштар жасалган жана алардын баардыгынын бети ачылып соттук кароосуна жиберилген жана тийиштүү өкүмдөр кабыл алынган. Бул тууралуу Туп районунун прокурорунун орун басары Акжол Абылкасымов билдирди.

Маалыматка ылайык, йыпталуучу 1969-жылы туулган Т.М. мурда сот жообуна бир нече жолу тартылып өзүнүн карасанатайлык ойю менен кылмыш аракети менен жыныстык кол тийбестикке жана жыныстык эркиндикке каршы мүнөзүндөгү зордуктоо өзгөчө оор кылмыш жасоо жолуна түшкөн.

Тактап көрсөткөндө, Мусаев 2024-жылдын 11-майнда саат болжол менен 18:00 чамасында Түп районунун Ак-Булак айылынын А.Үсөнов атындагы көчөсүнүн батыш тарабында жайгашкан кароосуз калган мончонун ичинен, жабырлануучу ушул эле айылдын А.Үсөнов атындагы көчөсүнүн 14-үйүнүн тургуну жашы жете элек, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (ДЦП акыл эси ордунда эмес) 2011-жылдын 5-январында төрөлгөн Ф.А. ойноп жүргөн жеринен Т.М. кароосуз калган мончонун ичине алып кирип, өмүрүнө же ден соолугуна коркунучтуу көрсөтуп алсыз абалын пайдалануу менен өзүнүн жыныстык каалоосун кандыруу максатын көздөп, шымын чечип үстүнө чыгып зордуктоого аракет жасаган.

Натыйжада Т.М., он төрт жашка толо элек балага карата зордуктоого аракет жасап, аны колу менен башы көзүнө соккулап, колдору менен муунтуп, ден соолугуна залал келтирип жаткан учурда, Ф.А. апасы А.АА. үстүнөн чыгып кызын алып кеткен, ал эми Т.М. окуя болгон жерден качып кеткенден кийин жабырлануучунун атасы М.А. аны кармап милиция кызматкерлерин чакырган.

Бул факт боюнча 2024-жылдын 11-майында Түп районунун ИИБнүн ТКнын тергөөчүсү А.Турдумамбетов тарабынан Кыргыз Республикасынын КЖКнин 154-бер. 4-б. менен кылмыш иши козголуп, тергөөнүн натыйжасында Т.М. айыбы угузулган жана кылмы иши соттук кароого жиберилген.

Ал эми, Түп районунун сотунун 2024-жылдын 25-июлундагы өкүмү менен Т.М. угузулган айыптары боюнча күнөөлү деп табылып 11 жылдык мөөнөткө катуу тартиптеги абактарында эркиндигинен ажыратуу жазасын өтөөсү белгинленген.

Эң көп окулган жаңылыктар