23:07
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Азимбек Бекназаров 2-ноябрга чейин камакта калды

Саясатчы Азимбек Бекназаров 2-ноябрга чейин № 1 тергөө абагында болот. Бул тууралуу анын уулу Руслан Бекназаров билдирди.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалыматына караганда, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсүнө 2010-жылдагы апрель окуясында сейфтерден жана өкмөт үйүндөгү акча каражаттарын уурдоо жана ыйгарып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголду.

2024-жылдын 12-сентябрында Азимбек Бекназаров Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо)» беренеси боюнча кылмышка шектелип, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азимбек Бекназаров Убактылуу өкмөттө башкы прокурор болуп иштеген.

Буга чейин ал 20дан ашык активист менен бирге Кемпирабад иши деп аталган иш боюнча айыпталган. Ал дагы камакта болчу.

Эскерте кетсек, прокурорлор соттон «Массалык баш аламандык» беренеси боюнча бардык айыпталгандарды 10 жылга, «Бийликти күч менен басып алуу» беренеси боюнча 15 жылга, ал эми кылмыштардын жыйындысын кошуу менен мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратууну суранган. .

14-июнда райондук сот бул иш боюнча бардык айыпталуучуларды кылмыштын курамы жок деп актаган.

2022-жылдын 22-октябрында Кемпир-Абад суу сактагычын колдоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана парламент депутаттары кирди. 23-октябрда массалык камакка алуулар башталды — бийлик массалык баш аламандыкка даярданган деген айып менен 27 адамды түрмөгө жөнөттү.

Эң көп окулган жаңылыктар