13:21
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Алдамчылардан абайла!Белгисиз адамдар Улуттук банктын атынан фейктер колдонушкан

Улуттук банк жарандарды алдамчылардын тузагына түшүп калуудан сак болууну эскертет.

Билдирүүгө ылайык, акыркы учурда белгисиз адамдар Улуттук банктын атынан жасалма катты көрсөтүп, жарандарга крипто капчыктан акча алууну сунуштап жатышат. Алардын максаты — жарандардын акча каражатына жетип, уурдап алуу!

«Буга байланыштуу Улуттук банк жеке жактарды тейлебей, калк менен накталай эсептешүүлөрдү жүргүзбөй турганын эскертебиз. Андыктан, мындай жарандар менен эч кандай келишимдик мамилелерге кирбөөнү жана каржылык каражаттарыңызды аларга бербөөнү сиздерге сунуштайбыз. Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калганыңызды түшүнсөңүз, банкка болгон окуя тууралуу дароо кабарлап, картаны же эсепти жабууну суранып, андан соң тез арада укук коргоо органдарына арыз менен кайрылышыңыз зарыл», — деп айтылат маалыматта

Эң көп окулган жаңылыктар