21:42
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Ынтымак Ордо: жаңы имараттын курулушу боюнча Акылбек Жапаров кимдерди сыйлады?

Министрлер Кабинетинин Ардак грамотасы менен бир катар адамдарды сыйлоо жөнүндө № 439 буйрукка министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров кол койду.

Ардак грамоталар менен сыйланышкандар:

«Градстройресурс» ЖЧКсынын башкы долбоордук архитектору Нурмамбет Чыналиев;

«Арчи Вишн» ЖЧКсынын башкы директору Асхат Жумалиев;

«Иншаат Строй Билдинг» ЖЧКсынын бригадири Бакыт Ургалиев.

Буга чейин президент Садыр Жапаров башка курулуш компанияларын, ошондой эле Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаевди жаңы «Ак үйдүн» курулушу үчүн сыйлаган.

Мамлекет башчысынын «Ынтымак Ордо» администрациясынын жаңы имаратынын курулушуна кошкон зор салымы үчүн Садыр Жапаров «Даңк» медалы менен «Иншаат Курулуш Билдинг» ЖЧКсынын участка башчысы Муратбек Асановду жана аткаруучу директорун сыйлады.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталары менен «Иншаат Строй Билдинг» ЖЧКсынын директору Акбарали Абдразаков, президенттик аппараттын адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башчысы Нургазы Атканов, «Аманат Курулуш Инвест» ЖЧКсынын директору Давид Камбаров, Мамлекеттик курулуш комитетинин башчысы Нурдан Орунтаев, мамлекет башчынын биринчи орун басары Бообек Салимжанов, президенттик аппараттын укуктук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Чыңгыз Талипов, «Иншаат Строй Билдинг» ЖЧКсынын каржы директору Нурлан Чыныбеков жана «А.Инвест» ЖЧКсынын башкы энергетики Азат Шананов сыйланышты.

Эң көп окулган жаңылыктар