8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында таяк тартыш боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 8 спортчу өлкө намысын коргойт.
Эркектер арасында:
— 65 кг Уланбек Турганбаев;
— 70 кг Бекмурза Токтошев;
— 80 кг Элдос Айтбаев;
— 90 кг Русланбек Чыныбек улуу;
— 105 кг Келдибек Атайбек уулу.
Кыз-келиндер арасында:
— 55 кг Элзар Абдыкадырова;
— 65 кг Адел Маданбаева;
— 75 кг Назия Майлыбашева;
Курама команда машыктыруучулар Эрмек Курманалиев жана Марат Раматовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат.