14:22
USD 87.25
EUR 89.39
RUB 0.86

«Ынтымак Ордого» экскурсия уюштурула баштады

Бүгүндөн тарта президенттин администрациясынын жаңы имараты «Ынтымак Ордого» жарандарга экскурсия уюштурула башталды. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, жарандар иш күндөрү 9:00дөн 17:00гө чейин өздүгүн тастыктоочу документ менен келип «Ынтымак Ордону» көрүп кетсе болот. Экскурсия дүйшөмбүдөн ишембиге чейин уюштурулат.

«Бир учурда 20 мейман кирет. Алар атайын журналга катталып, кайра экинчи жолу кире албастыгын эскертебиз. Бул чара имаратты көрүүнү каалоочулардын көптүгү менен шартталган. 20 адам экскурсиядан чыккан соң кезектеги кийинки 20 адам киришет. Аларды коштоп, залдарды көрсөткөн кызматкер болот», — деди ал.

Ошондой эле ал экскурсия учурунда башка адамдар дагы келип, кезек күтүп турууга туура келиши мүмкүн экендигин белгилеп, буга түшүнүү менен мамиле кылууга чакырды.

Эң көп окулган жаңылыктар
WWW.NET.KG