15:34
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

«Түндүк» тиркемесиндеги көйгөйлөр. Санарип министрлиги түшүндүрмө берди

24.kg редакциясына «Түндүк» мобилдик тиркемесинин иштеши боюнча даттануулар келип түшкөн. Биз тактоо үчүн Санариптик өнүктүрүү министрлигине кайрылдык.

Ведомствонун басма сөз кызматы 31-августта саат 18.00дөн 1-сентябрь саат 12.00гө чейин профилактикалык иштер жүргүзүлүп, андан улам санариптик документтер менен иштөө үзгүлтүккө учураганын билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда «Түндүк» мобилдик тиркемесин турукташтыруу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, ал аркылуу көптөгөн ата-энелер окуу жайларына жашаган жеринен маалымкат ала баштагандыктан кошумча жүк болгон.

Санариптик иштер министрлиги келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

«Сиздердин ишенимиңиз жана ыңгайлуулугуңуз биз үчүн биринчи орунда, андыктан «Түндүк» Кыргызстандын ар бир жаранынын жашоосун жеңилдетүү жана ыңгайлуу кылуу үчүн дайыма өркүндөтүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта

Эң көп окулган жаңылыктар
23-декабрь, дүйшөмбү