22:24
USD 84.22
EUR 93.82
RUB 0.91

Жаратылыш ресурстар министрлигине Сапаралиевдин талапкерлиги каралган жок

Президент жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри кызматына Азис Сапаралиевдин талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосунан чакыртып алды. Бул тууралуу 24.kg басылмасына өздүк булактар ​​билдирди.

Эске сала кетсек, ал 2-июлда министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Бүгүн анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети жактырышы керек болчу.

Бирок Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары жана Кыргыз геология кызматынын директору кызматын аркалап келген Медер Машиевдин талапкерлиги комитеттин кароосуна сунушталды.

Эл өкүлү Алишер Эрбаев 24.kg басылмасына билдиргендей, комитеттин депутаттары Медер Машиевди Жаратылыш ресурстары министри кылып дайындоого макулдук беришти.

Эң көп окулган жаңылыктар