03:58
USD 86.45
EUR 92.47
RUB 1.00

Көк бөрү боюнча Президенттин кубогу башталды

Бүгүн, 28-августта Чолпон-Ата шаарында жайгашкан ат майданында көк бөрү оюну боюнча Президенттин кубогуна арналган турнир башталды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, мелдештер Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу, бир гана лиганын алкагында, олимпиадалык системанын негизинде өткөрүлүп жатат.

Президенттик Кубок үчүн жалпы 14 команда ат салышууда:

1) Ак-Суу

2) Алтын-Альянс

3) Ак-Илбирс

4) Ысык-Ата

5) Казарман

6) Ала-Арча

7) Талас шаары

8) Бапа Барскоон

9) Бийиктик

10) Ичке-Суу

11) Асанбек-Ата

12) Кара-Ой

13) Шахтёр

14) Чүй-Токмок

Мелдештер Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Дене тарбия жана спорт департаменти жана көк бөрү федерациясы тарабынан уюштурулууда.

Эң көп окулган жаңылыктар