21:02
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

Кыргызстанда орточо айлык 35 миң 298 сомду түзөт

Кыргызстанда 2024-жылдын январь-июль айларында орточо айлык номиналдык эмгек акы 35 миң 298 сомду (410 доллар) түздү. Бул тууралуу Экономика жана соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Малыматка ылайык, бул мезгилдеги өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары экономикалык өсүш тенденциясы уланып жатканын көрсөтүп турат.

«Чакан ишканаларды эсепке албаганда орточо айлык номиналдык эмгек акы 35 миң 298 сомду түзүп, жыл ичинде 10,6 пайызга өстү. Керектөө бааларынын индексин эске алганда реалдуу эмгек акынын көлөмү 5,2 пайызга өстү», — деп айтылат маалыматта.

Кызмат көрсөтүү тармагында, дүң жана чекене соодада жана унаа оңдоо тармагында иштегендердин айлык акысы эң көп жогорулаганы такталды

Эң көп окулган жаңылыктар