21:06
USD 87.00
EUR 90.41
RUB 0.84

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт

VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, спорт бөлүмүнүн башчысы Айбек Абдымомунов Париждеги Олимпиадага сапарынын алкагында Казакстандын спорт жана туризм министри Эрмек Маржикпаев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн. Тараптар кийинки оюндарды Кыргызстанга өткөрүүнүн келечегин талкуулашты.

Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. 100дөн ашык мамлекет жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн

Эң көп окулган жаңылыктар